Өкмөт үйүнүн жанындагы скверге спецназ келип түштү. Видео

5 октября 2020 Өкмөт үйүнүн жанындагы скверге спецназ келип түштү. Видео

Бишкекте милиция өкмөт үйүнүн жанындагы скверден орун алды. Бул тууралуу жеринен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.

sputnik. Видео

"Абдымомунов көчөсүндө эки автобус токтоп турат. Айланадагы отургучтарда милиция кызматкерлери отурат", — деди кабарчы.

Ушул тапта борбор калаадагы "Ала-Тоо" аянтында митинг өтүп жатат. Буга чейин ал жерде "Мекен ынтымагы", "Ыйман нуру", "Чоң казат" сыяктуу партиялар нааразычылык акциясына чыккан эле. Кийин аларга "Ата Мекен", "Республика", "Замандаш" жана "Бир бол" партияларынын өкүлдөрү келип кошулду. Алар 4-октябрь күнү өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтып, адилеттүүлүктү талап кылууда.

Шайлоодон кийинки абал тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан окуй аласыздар.

sputnik