Париждин тургуну батиринин жер төлөсүнөн 500 миң евро таап алды

1 октября 2020 Париждин тургуну батиринин жер төлөсүнөн 500 миң евро таап алды

Париждин тургуну өзүнө мурасталып калган батирдин жер төлөсүнөн чемоданга салынган 500 миң евродон ашык акча таап алды. Бул тууралуу Parisien гезитине таянып РИА Новости жазды.

55 жаштагы Анна "Марсово поле" сейил багына жакын жайгашкан батирди апасынан мураска алган. Август айында ал батирди сатыкка даярдоо үчүн риелторлорго берген. Процесстин жүрүшүндө ага тиешелүү жер төлө боюнча маселе жаралган. Документ боюнча жер төлө аялдын карамагында болгону менен иш жүзүндө башка бирөө колдонуп, кулпу салып койгон.

Мураскер айым жер төлөнү убактылуу пайдаланган "кошунасына" кат жазган. Бирок бир ай убакыт өтсө да жооп болбогондуктан тийиштүү кызматты чакырып, каалгасын бузуп киришкен. Натыйжада 100, 50 жана 10 евролук купюралар менен толтурулган, бардыгы болуп 500 миңден ашык евро табылган.

Акчанын артында кылмыштын изи бар деп божомолдонуп жаткандыктан каражат азырынча аялдын колуна тийбейт. Жерине полиция чакыртылып, алар чемоданды арам акчаларды адалдоо боюнча кылмыштарды изилдеген финансылык иликтөө тобуна (BRIF) өткөрүп берген. Учурда акчанын ээсин аныктоо боюнча иш жүрүп жатат.

sputnik