Кыргызстан менен Россия кызматташтыкты өркүндөтүү ниетинде

30 сентября 2020 Кыргызстан менен Россия кызматташтыкты өркүндөтүү ниетинде

Республиканын Президенти Россия тарапка өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтырууга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Бишкекте Сооронбай Жээнбеков менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-орус комиссиясынын кезектеги жыйынына катышуу үчүн республикага делегациянын башында келген Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчуктун ортосунда сүйлөшүүлөр болуп өттү.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, кыргыз-россиялык эки тараптуу жана көп тараптуу, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) алкагындагы кызматташтыктын абалы жана келечеги боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Россиялык тарапка өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу, гуманитардык жардам көрсөтүү жана Евразия Фондунан 100 миллион АКШ доллары өлчөмүндө чакан жана орто бизнести колдоо үчүн жеңилдетилген насыя бөлгөндүгү үчүн көрсөткөн колдоосу үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдирди.

Президент пандемиядан кийинки мезгилде биргелешкен аракеттерди топтоонун, соода-экономикалык мамилелерди өркүндөтүүнүн жана пандемиянын кесепеттерине каршы биргелешип чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков Россия тарап менен энергетика, темир жол, инфраструктура, аймактык долбоорлор, ошондой эле ЕАЭБдин алкагындагы долбоорлор боюнча эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирип, бул багытта өкмөттөр аралык комиссиянын ролу чоң экендигин кошумчалады.

Алексей Оверчук Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин жана Премьер-министр Михаил Мишустиндин куттуктоо сөздөрүн жана жакшы каалоолорун айтты. Россия Федерациясынын Вице-премьер-министри белгилегендей, Россия тарап Кыргызстан менен стратегиялык жана союздаш мүнөздө болгон эки тараптуу мамилелерди жогору баалайт. Россиянын Вице-премьер-министри соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун динамикалуу өнүгүүсүн белгиледи.

Алексей Оверчук эки өлкөнүн ЕАЭБ алкагындагы жигердүү өз ара аракеттерине көңүл буруп, коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү боюнча тиешелүү ведомстволордун консолидацияланган ишин, ошондой эле Россия-Кыргыз Өнүктүрүү Фондусунун натыйжалуу ишмердүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары, Россиянын вице-премьер-министри Кыргызстанга коронавирус инфекциясынын жаңы түрүнө каршы Россиянын вакцинасын жеткирүү маселеси биринчи кезектеги маселе катары караларын кошумчалады.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыкты өз ара кызыкчылык туудурган тармактарда мындан ары дагы өркүндөтүүгө даяр экендигин билдиришти.

mediaplov