Парламенттик шайлоодо канча кыргызстандык добуш бере алары белгилүү болду

24 сентября 2020 Парламенттик шайлоодо канча кыргызстандык добуш бере алары белгилүү болду

Алдыдагы парламенттик шайлоого катышуу үчүн 3 миллион 523 миң 532 кыргызстандык катталды. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоонун даярдыктары туурасындагы маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Анын айтымында, бул 2015-жылдагы парламенттик шайлоого салыштырмалуу 762 735 адамга көп, башкача айтканда, шайлоочулардын саны 27,6 пайызга өстү.

Ал эми 2017-жылдагы президенттик шайлоого салыштырмалуу 497 762 жаранга өстү, пайыз менен алганда 16,5ти түзөт.

Мыйзам боюнча, шайлоочулардын эң акыркы тизмеси шайлоого 10 күн калганда жарыяланат. Быйыл парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.

sputnik