Неге үй-бүлөлүү эркекке “бойдокмун” деп айтууга болбойт?

24 сентября 2020 Неге үй-бүлөлүү эркекке “бойдокмун” деп айтууга болбойт?

Илгертен жакшы сөз  - жарым ырыс деген кеп бар. Психологдор да “Менин жолум ачык!”, “Мен бактылуумун!” деген аффирмацияларды көп кайталоону сунушташат.

Деген менен өзү тууралуу жаман сөз айтып жүргөндөр да көп. Кээ бири билип, түшүнүп туруп айтса, башкалары түшүнбөй эле айта беришет. Аны менен ошол сөздөр аркылуу кырсык менен кайгы-капаны өздөрүнө тартып алышат. Сөз менен адамдын жолун ачууга да, бузууга да болот.

ЭСИҢИЗДЕ БОЛСУН!

Билип-билбей, ойноп айтылган сөздөр убакыттын өтүшү менен “өсүп-өнүгүп” алдыңыздан кайра чыгат. Түшүнүктүү болушу үчүн мисал келтирели. Мисалы: Токойдо жашаган тыйын чычкан деген жаныбар бар. Алардын негизги тамагы – бактардын жемиши менен жаңгактары, данектер, гүлдүн уруктары.

Алар да башка жаныбарлар сыяктуу кышкыга азык топтошот. Бирок, алар кышкы азыгын уясына эмес, бактын түбүнө, ыңгайлуу жерлерге көмүп салышат. Кышында ошол азыктардын бирин тапса, башкасын таппай калат. Илимий божомол менен, дүйнөдөгү миллиондогон дарактар ошол бактын түбүнө көмүлүп, унутулуп калган уруктардан өсүп чыккан.

Эми ошол тыйын чычканга тил бүтсө “ушул бактарды сен отургузгансың” десең ишенбейт, “кенедей болуп туруп, мындай чоң бактарды кантип отургузмак элем” демек. Анткени, ал бийик, жоон зөңгөктүү бак кичинекей уруктан өсөрүн түшүнбөйт.

Ушул сыяктуу эле көпчүлүк адамдар бир сөздү көп кайталоо менен жашоодо чоң проблемалар жараларына ишенбейт. Эсеңизде болсун, сиздин сөзүңүз урук сыяктуу, бир нече жылдан кийин өсүп жетилет.

Өзүңүз жөнүндө айткан сөздөрдүн күчү өтө чоң. Мисалы, үй-бүлөлүү эркектер “бойдокмун” деп көп айта турган болсо, натыйжасы кандай болот деп ойлойсуз?

БОЛГОН ОКУЯ: Биздин айылда жашы сексендеш ашкан карыя бар. Анын бир досу болот. Ошол досу жаш кезинде кыз-кыркын менен бойдокмун деп көп таанышат. Көп кызды алдап, бойдок болуп, жолугуп жүрөт. Ошол адатын кырктан ашса да коё албайт. “Аялың, балдарың бар. бойдокмун деп айткандан уялбайсыңбы. Кыздардын сезими менен ойнобо” деп досунун айткан сөздөрүн элес албайт.

Убакыттын өтүшү менен ал “карт бойдок” атка конот. Ошол досу 42 жашында чынында бойдок болуп калат. Кыштын түнү үй-бүлөсү көмүргө ууланып көз жумат. Аялы менен үч баласынан бир күндө айрылат.

Кийин бир нече жолу үй-бүлө курууга аракет кылып, бирок жолу болбойт. Ошентип, бойдок болуп, жетимиштин кырында көз жумат. “Бойдокмун деген сөздү көп айтат элем, акыры бойдок болуп өмүрдөн өттүм” деп өкүнөт.

Сөздүн кубатын дарбаза менен үйдүн дубалы да, жабык эшиктер да, терезе да токтото албайт. Сөз сөөктөн өтөт. Андай экен, өзүңүз тууралуу бир гана жакшы жана туура сөздөрдү айтып жүрүңүз.