УКМК: Бишкекте баңгизат сатып жаткан полковник кармалды

23 сентября 2020 УКМК: Бишкекте баңгизат сатып жаткан полковник кармалды

Бүгүн Бишкекте Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматынын полковниги 1,5 кг. нашааны башка бирөөлөргө соодалап жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Бүгүн Бишкекте Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматынын полковниги 1,5 кг. нашааны башка бирөөлөргө соодалап жаткан жеринен кармалды

Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты

Кармалган жаран Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн полковниги экени айтылды

"Ж.А. башкалардан алынган 1,5 килограммдык  баңгизатты — нашааны брикет түрүндө (166 даана) сатканга аракет кылган. Анын жалпы суммасы 581 000 сомду түзгөн", — деп айтылат маалыматта.

Кармалган жаран Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн полковниги экени айтылды.   

Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши Кылмыш кодексинин 267-беренесинин негизинде Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ж.А. УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген.

sputnik