Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, эки маселени талкуулап жатат

17 сентября 2020 Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, эки маселени талкуулап жатат

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатат. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатат

Жыйында эки маселе карала турганы айтылат. Биринчиси — укук коргоо органдарынын өлкөдөгү коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү боюнча иштеринин жыйынтыгы. Экинчиси — 2021-2024-жылдарга карата КРде коррупцияга каршы күрөшүү жана анын себептерин жоюу боюнча жаңы мамлекеттик стратегиянын долбоору.

Биринчи маселе боюнча премьер-министр Кубатбек Боронов, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Бакир Таиров баяндама жасашат.

Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик стратегиянын долбоорун Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев алып чыгат.

sputnik