БШК мүчөлөрү Дастан Жумабековду жарыштан четтетүүнү сунуштады. Төрага эмнеден жазды

15 сентября 2020 БШК мүчөлөрү Дастан Жумабековду жарыштан четтетүүнү сунуштады. Төрага эмнеден жазды

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер, учурдагы спикер Дастан Жумабековду жарыштан четтетүүнү сунушташты. Ал административдик ресурс колдонуп жана добуш сатып алууга негизделген иштерди жасап жатканын айтышууда.

Жумабековдун өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиевдин коштоосунда Кара-Буура райондук ооруканасына барган сүрөттөрү чыккан. Ал жерде көз жарган келинге сүйүнчү пул катары 50 миң сом бергени жазылган. 

facebook

БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова бүгүнкү жыйында Дастан Жумабековдун же ал кирген "Кыргызстан" партиясын жарыштан четтетүүнү сунуштай турганын билдирди. 

facebook

"Дастан Жумабеков партиялардын тек укуктуулугун сактабай жатат. Үгүт өнөктүгү жүрүп жаткан маалда спикерлик кызматынан пайдаланууда. Ошондой эле парламенттин маалымат кызматын колдонуп, пиар ишин жасатып жатат. Ооруканага барганы туурасында ЖКнын сайтына маалымат чыккан. Ал эми 50 миң сом сүйүнчү пул бергенин добуш сатып алуу аракети деп эсептейм. Эки мыйзам бузуунун белгилери көрүнүп жаткандан кийин БШК муну карап же өзүн, же партиясын шайлоого катышуудан четтетиши керек. Бул боюнча бүгүн БШКнын жыйында кароосун сунуштайм", — деди Абдрахматова.

БШКнын дагы бир мүчөсү Гүлнара Журабаева да ушул маселени кароону сунуштай турганын билдирди.

Ал эми БШКнын маалымат кызматы Жумабековдун аракетин учурда жумушчу топ карап жатканын маалымдады. Эгер мыйзам бузуу белгилери аныкталса, БШК мүчөлөрүнүн кароосуна киргизелет.

sputnik