Кыргыз-казак чек арасынын "Каркыра" бекети жарандар үчүн да ачылды

7 сентября 2020 Кыргыз-казак чек арасынын "Каркыра" бекети жарандар үчүн да ачылды

Бүгүндөн баштап Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан кыргыз-казак чек ара тилкесиндеги "Каркыра" көзөмөл-өткөрүү жайы ишин жандантты. Бул туурасында Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлады.

Аталган чек ара бекети күндүзгү саат 08.00дон 18.00гө чейин иштеп, бул убакта жарандар, транспорт каражаттары, жүктөр, товарлар жана жаныбарлар өткөрүлөт.

Ошондой эле Чек ара кызматы жарандарды Казакстанга барарда казак тарап киргизген чектөөлөр менен таанышып алууга чакырды.

Мындан сырткары, "Каркырада" электрондук виза боюнча өткөрүлбөй турганын эскертет.

sputnik