Ким Ин Сен — өмүр баяны

2 сентября 2020 Ким Ин Сен — өмүр баяны

Ким Ин Сен  - мамлекеттик кызматчы, коомдук ишмер. 

Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.

Хоббиси: ат минүү

Туулган жери: Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Ысык-Ата району, Ново-Покровка айылы

Улуту:  корей 

Жарандыгы:  Кыргыз Республикасы 

Балалыгы: мектеп жашында жана студенттик жылдарында жер которуп келген чоң ата-чоң энелеринин, ата-энесинин жолун жолдоп үй-бүлөсү менен айыл чарбасында көп эмгектенген. “Менин үй-бүлөм ондогон жылдар бою фермердик чарбага ээлик кылган. Биз талааларды ижарага алып, какыраган күндүн алдында иштеп, жакшы түшүм алууга аракет кылчу элек. Мен бул эмгекке канча ден соолугумду кетирдим! Азыр болсо талаада ошол кездегидей иштей алмак эмесмин. Ошол мезгилден тартып мал чарбасы, айыл чарбасы менен алектенгендерди өтө сыйлайм. Андан тышкары, биз ошол кезде бодо мал дагы кармачубуз”.

Саясат жөнүндө: “Саясат – бул өз ара тил табышуунун искусствосу, бирок анда бир нерсени өзгөртүү керек. Өзгөртүү зарыл. Өткөн жылы 18 жыл кызмат өтөп, иштеген жылдарым боюнча Мамлекеттик бажы кызматынан бошотулгандан кийин, мен инвестицияларды жана гранттарды тартуу менен алектене баштадым. Мында менин тажрыйбам жардамга келди. Мен биздин салык, бажы тутумдарынын кемчиликтерин билем жана күбө болуп жатам, бул бизнести өнөктүрүү чөйрөсүндөгү начар көрүнүш. Мен канчалык бизнести алдыга жылдыруу аракетин көргөн сайын, эгер мен инвестицияларды тартуунун натыйжасына жооп бергим келсе, анда системалардагы, жол-жоболордогу, анын ичинде өкмөттүк деңгээлде көп нерсени өзгөртүү керектигин ошончолук жакшы түшүнө баштадым. Жөнөкөйлөтүү, санариптештирүү, адам факторун кыскартуу, мамлекеттик аппараттын иштөө ылдамдыгын жогорулатуу”.

Парламент жөнүндө: “Мен үчүн парламент – бул сапаттуу өкмөттүн болушун, элдин жашоосун жакшыртууну камсыз кылуунун үстүндө профессионалдар иштеген жер. Ошондуктан, мен Жогорку Кеңештеги өз ишимди төмөнкү багыттарга: биринчи - биздин эмгек мигранттары үчүн шарттарды болушунча жеңилдетүүгө арнагым келет. Мен өзүм же депутаттык комиссиянын курманда биздин эмгек мигранттарыбыз иштеп жүргөн өлкөлөргө барып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даярмын. Ата-энеси чет өлкөгө кетип, чоң ата-чоң энесинин колунда калып тарбияланып өскөн биздин жаш муун менен дагы иштешүү зарыл. Жасай турган иштин чети оюула элек. Эмгек мигранттары өздөрү жебей-ичпей, өтө оор шарттагы жумуштарда иштеп, өлкөнүн жарымын багып жүргөнүн моюнга алыш керек. Мамлекет аларга жардам бериши зарыл.

Экинчи багыт – бул, албетте, биздин экспортту, өзгөчө айыл чарбасын, тигүү тармагын колдоо. Бажыда иштеп жатып, жөнөкөй эмгекчи элдин, бизнес өкүлдөрүнүн билимсиздигинин, же билбестигинин, болбосо катасынын же мамлекеттер ортосундагы пикир келишпестиктердин айынан өздөрүнүн мөмө-жемиштерин, эт азыктарын, кийим-кечелерин жана бут кийимдерин сата албай, азап чеккенине көбө болгом. Биз тараптан экспортерлор үчүн бардык жол-жоболор максималдуу ачык-айкын, түшүнүктүү, салык режими ыңгайлуу болушуна жана ушул тармактардын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүүсүнө бардык аракетимди жумшайм.

Үчүнчү – бул кичи жана орто бизнести коргоо. Бул биздин тирегибиз. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө ийкемдүү, тобокелдикке бара алган, бизнести өнүктүргөн биздин ишкерлер азыр өлкөдөн качып жатат. Бул биздин мамлекеттик башкаруунун сапатынын диагнозу. Жумуш орундарын түзгөн же өзүн жумуш оруну менен камсыз кылган ишкер – мына биздин күчүбүз. Биз бизнести жүргүзүү үчүн так жана ачык-айкын эрежелерди колдоп гана беришибиз керек. Аны көздүн карегиндей сакташыбыз керек. Анткени, бизди пандемия учурунда коргоп калган миңдеген дарыгерлер, өлкөдө мугалимдер, милиция кызматкерлери бар. Алардын эмгек акысын жогорулатуу керек. Бизнести колдоп, ага туруктуулукту түзүп берсек, ошондо гана салыктар өсүп, алардын жардамы менен биз бюджеттен эмгек акы алгандардын жашоо деңгээлин көтөрүүгө болот, ошого милдеттүүбүз. Жалпысынан биздин алдыбызда көп жылдык көйгөйлөрдүн топтому турат, бирок аны чечүү жолдору бар”.

Билими:

- Казандагы Суворов атындагы аскер училищеси – 1993-1996-жж.

- Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университети (бажы иши боюнча адис) - 1996-2001-жж.

- Россия Бажы академиясы (“Бажы иши” адистиги боюнча “Бажы ишин уюштуруучу” - 1996-2001-жж.

- Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети (Юриспруденция адистиги боюнча ЮРИСТ квалификациясы) – 2002-2004-жж.

Эмгек жолу:

07.2001

 

08.2001

КР ФМ караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы

“Түндүк” ТЖБнын инспектору

08.2001

 

 

12.2001

КР ФМ караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы

“Түндүк” ТЖБнын ТКБнын инспектору

12.2001

 

06.2002

КР ФМ караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы

“Түндүк” ТЖБнын нөөмөт кызматынын инспектору

06.2002

 

07.2006

КР ФМ караштуу Кирешелер боюнча комитетинин Бажы кызматынын департаменти

“Түндүк” ТЖБнын ТКБнын инспектору

07.2006

 

04.2007

КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы

“Түндүк” ТЖБнын ТКБнын улук инспектору

04.2007

 

 

07.2009

КР Мамлекеттик бажы комитети

“Түндүк” ТЖБнын ТКБнын инспектору

07.2009

 

02.2011

КР Мамлекеттик бажы комитети

“Түндүк” ТЖБнын ТКБнын улук инспектору

02.2011

 

02.2012

КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы

КР Өкмөтүнө караштуу МБКнын Бажы ишин уюштуруу башкы башкармалыгынын Бажы жол-жоболорунун методологиясы башкармалыгынын башчысынын орун басары

02.2012

 

08.2013

КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы

КР Өкмөтүнө караштуу МБКнын БИУББнын Бажы жол-жоболорунун методологиясы башкармалыгынын башчысынын орун басары

08.2013

 

08.2014

КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы

МБКнын Бажы көзөмөлүн уюштуруу башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары

08.2014

 

06.2015

КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы

МБКнын Бажы көзөмөлүн уюштуруу башкармалыгынын башчысынын орун басары

06.2015

08.2015

КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы

Түштүк-батыш бажысынын башчысынын орун басары

08.2015

 

02.2016

КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы

“Жалал-Абад” бажысынын башчысынын орун басары

02.2016

 

 

09.2017

КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы

Кесиптик жана кинологиялык даярдоо борборунун Окутууну пландоо секторунун башчысы

09.2017

10.2017

КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы

МБКнын Бажы төлөмдөрү башкармалынын башчысынын орун басары

10.2017

 

12.2017

КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы

МБКнын Бажы төлөмдөрү башкармалынын башчысынын орун басары

12.2017

 

 

04.2018

КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы

Борбордук бажынын башчысы

04.2018

 

05.2018

КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы

Түндүк-чыгыш бажысынын башчысы

05.2018

 

09.2018

КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы

Окуу-адистештирилген бажысынын ыкчам-нөөмөт бөлүмүнүн башчысы

09.2018

 

 

10.2018

КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы

Кызматкерлер менен иштешүү боюнча башкармалыктын карамагына жөнөтүлгөн

10.2018

 

03.2019

КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы

Ыкчам бажысынын Ыкчам-нөөмөт бөлүмүнүн инспектору

03.2019

ушул мезгилге чейин

 

КР бажы органдары кызматынан пенсияга чыгууга укук берген иштеген жылдары боюнча бошотулган

12.2019

ушул мезгилге чейин

КР корейлердин коомдук бирикмеси

КР ККБнын Инвестицияларды жана гранттарды тартуу боюнча комитетинин төрагасы