Жогорку сот "Кыргызстан" партиясынын ишин карап жатат. Сыртта эл чогулду

1 сентября 2020 Жогорку сот "Кыргызстан" партиясынын ишин карап жатат. Сыртта эл чогулду

Жогорку сот "Кыргызстан" партиясын шайлоодон четтетүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын кассациялык арызын карап жатат.

Сот отуруму саат 16.00дө башталды. Жараянга Жогорку соттун мурдагы төрайымы Айнаш Токбаева жетекчилик кылууда.

Бул учурда сот имаратынын алдында "Кыргызстан" партиясынын тарапташтары жана таза шайлоо өтүүсүн талап кылган жарандык активисттер менен саясий партиялардын өкүлдөрү эки тарап болуп топтолуп турушат.

"Кыргызстан" партиясынын шайлоо алдындагы чуусу

Борбордук шайлоо комиссиясы 25-августта "Кыргызстан" партиясынын документтерин артка кайтарып, шайлоого катышуудан четтеткен. Буга документти БШКга "Кыргызстандын" ыйгарым укуктуу өкүлү эмес, башка жаран алып келгени негиз болгон. Боршайкомдун мүчөлөрү мыйзамда партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү өзү алып келип, каттоо журналына кол коюшу керектигин белгилейт. Ал эми аталган партиянын өкүлү Эльвира Абелдинова жагдайды өзү ооруп калганы менен түшүндүргөн.

Партиянын жетекчилери мындай чечимге макул болбой Бишкек шаардык административдик сотуна кайрылган. 27-августта ишти караган судья Чолпон Досмамбетова БШКнын чечимин жокко чыгарып, "Кыргызстандын" пайдасына чечип берген.

Андан соң БШКнын юристтери Жогорку сотко даттанып, "Кыргызстан" партиясын жарыштан четтеткен чечимин күчүндө калтырууну сураган.

sputnik