1 сентября 2020
АКШнын Канзас штатындагы университеттин окумуштуулары вирустун жашап кетүүcү жазында жана күзүндө жогору болорун байкашты. Изилдөө bioRxiv аталышындагы илимий басылмага жарыяланды.
Ага ылайык, адистер COVID-19 жылдын ар кайсы мезгилинде кандайча жашарын аныктаганга далалат кылышкан. Натыйжада, жазында жана күзүндө коронавирустун бөлүкчөлөрү түрдүү заттын үстүндө орточо эсеп менен 17 сааттан 30 саатка чейин жашай аларын, ал эми жайкысын эки сааттан беш саатка чейин тирүү болорун билишкен.
Буга байланыштуу адистер алдыдагы сезондо жеке гигиенага өтө жоопкерчиликтүү болуп, буюм-тайымдардын үстүн дезинфекциялап турууга чакырган. Алар санитардык эрежелердин сакталышы оорунун жайылышын алдын алары белгилешкен.