Россия Федерациясынын Өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров менен Өзбекстандын Премьер-министринин орун басары - Инвестициялар жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу РФ Өнөр жай жана соода министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Документке ылайык, ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнүн жолугушууларын уюштурууга жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, биргелешкен ишканаларды түзүүгө, өнөр жай жана соода жаатындагы эки тараптуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга шарт түзүүгө жардам көрсөтүлөт.
Меморандум келечекте маалыматтык кызматташтыкты чыңдап, улуттук мыйзамдар жана келечектеги долбоорлор жөнүндө маалымат алмашууга мүмкүнчүлүк берет.
Бөлүмдүн башчысы Денис Мантуровдун айтымында, атайын жумушчу топ түзүлүп, анын курамына өнөр жай жана соода жаатында иштеген Россиянын жана Өзбекстандын мекемелеринин өкүлдөрү кирет.
Коронавирус пандемиясына карабастан, Россиянын Өзбекстанга экспорттолгон көлөмү 24,5% га, ал эми ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 18% га жогорулагандыгы белгиленди.
Эскерте кетсек: июнь айында Өзбекстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Өкмөт башчыларынын орун басарларынын жетекчилиги астында эки тараптуу өкмөттөр аралык кеңейтилген сүйлөшүүлөр болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы өнөр жай кызматташтыгын тереңдетүү боюнча биргелешкен жол картасын макулдашып, ошону менен өнөр жай тармагында кызматташтыкты бекемдешти.