Элчилик тизме түзбөйт. Россиядагы мекендештер Кыргызстанга өз алдынча келе алат

27 августа 2020 Элчилик тизме түзбөйт. Россиядагы мекендештер Кыргызстанга өз алдынча келе алат

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги жана шаарлардагы консулдуктары жарандардын мекенине кайтып келиши үчүн чартердик рейстерге тизме түзүүнү токтотуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматы кабарлады.

Буга байланыштуу "Авиатрафик", "Аэрофлот", "Сибирь", "Тез жет" жана "Уральские авиалинии" авиакомпанияларына билеттерди расмий авиакассалары же веб-сайт аркылуу өз алдынча сатууга укук берилген.

"27-августтан баштап Кыргызстандын бардык жарандары мекенине кетүүнү кааласа элчиликке кайрылбай эле авиабилеттерди түз сатып ала алышат", — деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө жогорудагы авиакомпаниялардын учактары Бишкек менен Ош шаарларына Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск жана Екатеринбург шаарларынан каттап жатат.

sputnik