Мөөнөтү бүттү! БШКга 5 млн сомдук шайлоо күрөөсүн 16 партия төлөдү

24 августа 2020 Мөөнөтү бүттү! БШКга 5 млн сомдук шайлоо күрөөсүн 16 партия төлөдү

Парламенттик шайлоого катыша турган партиялардын тизмесин 17 партия берип, анын ичинен бирөө шайлоо күрөөсүн төлөгөн жок. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, БШКга талапкерлердин тизмесин 17 партия тапшырса, анын ичинен бирөө 5 миллион сомдук шайлоо күрөөсүн төлөгөнү тууралуу документи жок болуп чыккан. Натыйжада 16 партия тиешелүү талаптарды так аткарган.

"Оңдоп-түзөө иштерине дагы эки күн берилет. Бул аралыкта биз карап чыгып, мүчүлүштүктөр болсо оңдоого жиберебиз. Бул 17 партияга гана тиешелүү", — деди Осмоналиев.

Ошондой эле ал саат 18.00гө карата шайлоого катышууга 20 партия ниеттенип жатканын белгиледи. Бирок калган үчөө документ тапшырууга жетишкен эмес.

Осмоналиев БШК кийинчерээк толук маалымат бере турганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, шайлоо күрөөсүн төлөө жана талапкерлердин тизмесин тапшыруу мөөнөтү бүгүн, 24-августта, саат 18.00дө соңуна чыкты.

Алгач БШКга парламенттик шайлоого катышуу тууралуу арыз 44 партиядан түшкөн.

sputnik