Коронавирус инфекциясы тоңдурулган азык-түлүктөрдө үч жумага чейин сакталышы мүмкүн. Мындай бүтүмгө сингапурдук окумуштуулар келгенин РИА Новости жазды.
Адистердин лабораториялык изилдөөлөрү SARS-CoV-2 сыртка ташылуучу азыктарга ылайыкталган температурада көбүрөөк жашай аларын аныктаган.
"Стандарттык муздатууда (төрт градус) жана стандарттык тоңдурууда (-20 градус) тоок, чочко жана балык этиндеги коронавирус 21 күнгө чейин жугуштуу болору аныкталды. Эксперимент үчүн ушул үч азык алынган. Ошондуктан биз импорттолгон тамакта оору бар болсо ал элге жумушчулар аркылуу жугушу мүмкүн деп эсептейбиз. Сырттан ташылган азыктар коопсуз болушу үчүн ишканалар жоопкерчиликти сезип, бардык санитардык-гигиеналык эрежелерди сакташы керек", — деген окумуштуулар.
Макалада айтылгандай, буга чейин коронавирус Кытайдын Шэньчжэнь шаарына Бразилиядан алып келинген тоок этинен, ошондой эле Эквадордон импорттолгон креветкалардан табылган.
Ал эми ДССУнун саламаттык сактоо тармагы боюнча өзгөчө кырдаалдар программасынын директору Майкл Райан COVID-19 азык-түлүк аркылуу жуккандыгы жөнүндө эч кандай далил жок экендигин айткан. Уюмдун өзгөчө оорулар бөлүмүнүн техникалык тобунун жетекчиси Мария Ван Керкхове вирус азыктардын кутусунда же таңгагында калып калышы мүмкүндүгүн билдирген.