5 сомдук кыргыз облигациясы өз наркынан 700 эсе жогору сатылууда

20 августа 2020 5 сомдук кыргыз облигациясы өз наркынан 700 эсе жогору сатылууда

Мындай облигациялар баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу жана элден накталай акча алуу максатында чыгарылган.

"Мешок" интернет-аукционунда мамлекеттик ички утуш заем облигациясы сатыкка коюлду.

Ал 1993-жылы чыгарылган беш сомдук купюра. Баштапкы баасы 3 260 рублдан же Улуттук банктын курсу менен 3 460 сомдон башталган.

Мындай облигациялар өкмөт тарабынан баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу жана элден накталай акча алуу максатында 5 жана 10 сомдук эки номинал менен чыгарылган. Жарактуу мөөнөтү 20 жыл деп белгиленген.

Аталган облигациянын бардык кирешеси утуш заем формасында төлөнгөн. Утуштан өтпөгөн облигациялардын мөөнөтү бүткөндөн кийин номиналдык баасы боюнча сатып алуу каралган.

sputnik