6 августа 2020
Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында ишемби, 8-августта күн ачык болсо, жекшемби, 9-августта жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
8-август, ишемби күнү, Ысык-Көлдүн айрым аймактарында өткүн өтөт. Ал эми Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында аба ырайы бузулбайт. Бул күнү Ош, Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Чүй, Таласта да жамгыр жаабайт.
Ал эми 9-августта күндүн көзү бузулуп дээрлик бардык аймактарда күн күркүрөп, жамгыр жаайт.
Анткен менен абанын температурасы жогору болуп, Бишкекте 35...37 градуска чейин ысыйт. Ал эми Чолпон-Ата шаарларында 22...24 градусту көрсөтөт.