5 августа 2020
Бишкекте жүрүп бараткан автоунаанын дөңгөлөгү жарылып кетип, жолдун четиндеги бакты сүзүп токтогон. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын маалымат катчысы Байгазы Айтикул уулу билдирди.
Окуянын видеосу "Короче" Telegram-каналында жарыяланды.
Милициянын айтымында, окуя бүгүн, 5-августта, саат 19:20лар чамасында болгон. Анда Honda Odyssey үлгүсүндөгү автоунаа Чүй проспекти менен бара жатканда сол дөңгөлөгү жарылып, жолдун четиндеги бакты сүзүп токтогон.
Кырсыктын кесепетинен эки киши жабыркап, ооруканага жеткирилди. Автоунаа айып короого киргизилип, жол кырсыгынын себеби такталып жатканы кошумчаланды.