Өлкөдө дагы 412 киши коронавирусту илештирип алды

4 августа 2020 Өлкөдө дагы 412 киши коронавирусту илештирип алды

Кыргызстанда акыркы суткада 412 адамдан коронавирус аныкталганын Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Аймактар боюнча ала келгенде төмөнкүдөй:

Бишкек - 114

Ош – 43

Чүй облусу – 37

Ош облусу - 39

Талас облусу – 17

Нарын облусу – 21

Ысык-Көл облусу – 41

Жалал-Абад облусу – 70

Баткен облусу - 30

Ушуну менен өлкөдө COVID жуктуруп алгандардын жалпы саны 37 541 адамга жетти.

sputnik