Милиция Жалал-Абадда жоголгон эже-сиңдини Баткенден тапты. Кыздардын жообу

3 августа 2020 Милиция Жалал-Абадда жоголгон эже-сиңдини Баткенден тапты. Кыздардын жообу

Милиция тарабынан изделип жаткан Жалал-Абад облусунун 15 жана 16 жаштагы тургундары, эже-сиңдилер табылды. Бул тууралуу облустук ИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, бир туугандар 18-июль күнү Кочкор-Ата шаарынан үйгө барабыз деп чыккан бойдон дайынсыз болуп жаткан.

Издөө иштеринин натыйжасында өспүрүм кыздарды милиция Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынан тапкан. Андан кийин Ноокен районуна алып келип, апасына өткөрүп беришкен.

Милициянын билдиришинче, кыздар сурак учурунда Кызыл-Кыядагы тааныштарына кетип калгандыгын билдиришкен.

sputnik