Талас башчысынын "кеңешчиси" сүзгөн велосипедчи көз жумду. Мураталиевдин жообу

31 июля 2020 Талас башчысынын "кеңешчиси" сүзгөн велосипедчи көз жумду. Мураталиевдин жообу

Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев кечээ анын кеңешчиси жол кырсыгына кириптер болуп, велосипедчен адамды сүзүп кеткен деген окуя боюнча Sputnik агенттигине комментарий берди.

Эске сала кетсек, кечээ, 30-июлда, социалдык тармактарда жана айрым ЖМКларда Талас башчысынын кеңешчиси Марслатбек Шералиевдин велосипедчен адамды коюп кеткендиги тууралуу жазылган.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын айтымында, окуя кечээ 17.30дарда Манас районунун Көк-Токой айылында болгон. Анда Toyota 4Runner айдаган 53 жаштагы Ш.М. жолдун четинде велосипед менен келе жаткан 23 жаштагы А.А. аттуу кишини коюп кетип, андан ары токтоп турган Mercedes үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны сүзгөн.

koroche. Видео

Окуядан жабыркаган велосипедчи аймактык оорукана жеткирилген. Жол кырсыгы Манас райондук ИИБде Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ошондой эле экспертизанын жыйынтыгы унаанын айдоочусу мас экенин аныктаган. Тийиштүү материалдар чогултулуп, тергөө бөлүмүнө өткөрүп берилген.

Бирок Таластын башчысы Марат Мураталиев ал айдоочу расмий түрдө өкүлчүлүктө иштебей турганын айтып, кээде кеп-кеңешин айтып турганын билдирди. Ал эми жаракат алган велосипедчинин бүгүн ооруканада каза болуп калганын айтты.

"Марслатбек Шералиев өкүлчүлүктө штаттык кызматта иштебейт. Көп жылдан бери кеңешин, жардамын берип келет. Мен окуя боюнча эч нерсе деп айта албайм, учурда мыйзам чегинде иш алып барып жатышат. Өкүл катары кырсыктан жаракат алган баланы көргөнү кечинде жана эртең менен баргам. Комада жаткан. Тилекке каршы, жакынкы саттарда каза болуп калды", — деди Мураталиев.

Ал кылмышка шектүү "афганчы" жана Улуттук коопсуздук кызматынынын (азыркы УКМК) запастагы полковниги экенин кошумчалады.

sputnik