Коронавирустан көз жумгандар "Ата-Бейитте" эскерилип, куран окулду

30 июля 2020 Коронавирустан көз жумгандар "Ата-Бейитте" эскерилип, куран окулду

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков ушул жылдын 27-июлунда "30-июлду Улуттук аза күтүү күнү катары жарыялоо тууралуу" жарлыкка кол койгон.

"Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде коронавирустун курмандыгы болгон кыргызстандыктардын элесине арналган аза күтүү иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, ага өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Кубатбек Боронов, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы Раимберди Дүйшөнбиев жана Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Максат Токтомушев катышкан.

Анда маркумдарга багышталып куран окулду.

Эске салсак, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков ушул жылдын 27-июлунда "30-июлду Улуттук аза күтүү күнү катары жарыялоо тууралуу" жарлыкка кол койгон.

Аза күтүү күнүндө өлкөнүн бардык жеринде тиешелүү иш-чаралар болуп, чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн имараттарындагы мамлекеттик туулар түшүрүлөт.

sputnik