27 июля 2020
Курман айт намазы окулбай калганда курмандыкты эртең менентен тарта чала берсе болот. Бул туурасында муфтияттын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Бул күндөрү жугуштуу COVID-19 тумоосунун тарап кетүү коркунучу жоюла элек болгондуктан, коопсуздук үчүн Курман айт намазы окулбайт деген чечим кабыл алынды. Мындан улам күн чыккан соң саат 07:30дан кийин курмандыкты чалууга уруксат берилет", - деп айтылган муфтият тараткан билдирүүдө.
Муфтият, андан сырткары, башка эки күнү да курмандык союуга болорун билдирди.
"Курмандыкты 31-июль, 1-август жана 2- август күнү дигер намазына чейин каалоочулар ушул көрсөтүлгөн күндөрдүн каалаган мезгилинде чалса болот", - деп кошумчалады.
Эске салсак, Кыргызстанда Курман айт 31-июлда белгиленери айтылган.