Бишкекте 100 таңгак гепаринди үйүнө катып, кымбат саткандар кармалды. Видео

24 июля 2020 Бишкекте 100 таңгак гепаринди үйүнө катып, кымбат саткандар кармалды. Видео

Маалыматка ылайык, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (Финпол) 1955 ыкчам байланыш номерине кайрылуу түшкөн. Ал Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 211-беренеси ("Мыйзам ишкердик жана банк ишмердүүлүгү") менен катталган. Тергөө учурунда тиешелүү документтери жок препараттарды кымбат баада сатып жаткандар аныкталган.

"Атайын адамдар текшерүү үчүн калаанын Арча-Бешик конушунан 100 таңгак гепаринди (ар биринде бештен ампула) 700 сомдон сатып алган. Мунун жалпы суммасы 70 миң сомду түздү. Алар мындай иш менен өз үйүндө алектенип келишкен. Тинтүү учурунда алып сатарлардын үйүнөн дагы ушундай дарылар чыккан", — деп айтылат маалыматта.

Алып сатарларга карата сотко чейинки өндүрүш ачылып, дары каяктан алып келингени жана сапаты талаптарга жооп берер-бербеси такталууда. Ошондой эле бул ишке тиешеси бар башка адамдар дагы аныкталып жатканы айтылат.

Финпол медициналык препараттардын баасын негизсиз жогорулаткандар болсо 1955 номери аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт. Ошондой эле дарыканаларда дары алып жатканда сөзсүз түрдө чек сурап жана анын тийиштүү сертификаты менен таанышып чыгууну эскертет.

sputnik