Бүгүн өлкө аймагынан дагы 921 адамдан коронавирус аныкталганын Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, вирус илештирип алгандардын арасында 53 медицина кызматкери бар.
“Лабораториялык жол менен Бишкекте 43, Чүйдө 33, Ош шаарында 55, Нарында бир, Ысык-Көлдө 34, Жалад-Абадда 46, Баткенде 41 жана Ош облусунда 10 учур аныкталды. Ал эми клиникалык жана эпедемиологиялык ыкма менен Бишкекте 230, Чүйдө 107, Ош шаарында 20, Нарын облусунда 21, Ысык-Көлдө 73, Талас облусунда 25, Жалал-Абадда 92, Баткен облусунда тогуз жана Ош облусунда 81 учур аныкталды”, — деди Акматова.
Ушуну менен коронавирус жуктуруп алгандарды саны 31 247 болду. Анын 18 038и айыгып, тилекке каршы, 1 211 киши көз жумду.