Операцияга шашпагыла! Дарыгер бел оорудан арылуунун жолдорун атады

24 июля 2020 Операцияга шашпагыла! Дарыгер бел оорудан арылуунун жолдорун атады

Бели ооруган адам операцияга шашылбашы керек, ал кыймылга зыянын тийгизет. Бул тууралуу Sputnik радиосу жалпы практикалык дарыгер, кардиолог жана алып баруучу Александр Мясниковго шилтеме берип жазды.

Адистин билдиришинче, бел адамдын эң көп жаракат алган жерлеринин бири. Оору олдоксон кыймылдаган учурда омуртка диски нервдерди кысып салгандыктан келип чыгат. Ошондой эле грыжа дагы себеп болушу мүмкүн.

"Көп учурда дарыгерлер операцияга жөнөтүп салышат. Ушул ыкма менен гана жакшы болоруна ишендиришет, бирок андай эмес. Хирургдун бычагы тийгенден кийин, тескерисинче, оору өрчүп кеткен учурлар бар. Анын айынан жакшы кыймылдай албай калгандар кездешет", — деген дарыгер.

Ал ооруну алдын алуу жана айыгуу үчүн атайын гимнастикалык көнүгүүлөр менен физиопроцедураларга барууну сунуштаган.

sputnik