23 июля 2020
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын капитаны Валерий Кичин "Енисей" жана "СК Хабаровск" клубдарынын мелдеши учурунда атаандаш команданын оюнчусу менен мушташа кетти.
Окуянын видеосу "Короче" Telegram каналына жана социалдык тармактарга жүктөлдү.
Кадрлардан көрүнүп тургандай, оюн учурунда эле Кичин алгач атаандашын бир коюп, андан кийин жерге көтөрүп чапкан.
Азырынча эки клуб тең бул окуя боюнча эч нерсе дей элек. Кичин коргоочу катары ойноп келген "Енисей" клубу Россиянын Улуттук футбол лигасында буга чейин эки оюн өткөрүп, жеңип чыккан (эсеп 2:1 жана 1:0).