23 июля 2020
Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустан 1 030 адам айыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде маалымдады.
Анын айтымында, өлкөнүн аймактарында да коронавирусту жеңгендер көп.
Бишкек — 361;
Ош шаарында — 117;
Чүй облусу — 78;
Ош облусу — 79;
Талас — 65;
Нарын — 36;
Ысык-Көл — 149;
Жалал-Абад — 109;
Баткен — 33.
Ушуну менен Кыргызстанда коронавирустан айыккандардын саны 16 791ге жетти.