Кечээтен бери COVID-19дун кесепетинен 46 адам ажал тапты

23 июля 2020 Кечээтен бери COVID-19дун кесепетинен 46 адам ажал тапты

Соңку бир сутканын ичинде Кыргызстанда коронавирустан 46 бейтап каза болду. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.

Маркумдар төмөнкү аймактардагы ооруканаларда дарыланып жаткан:

Бишкек шаары – 13;

Чүй облусу – 6;

Жалал-Абад облусу – 6;

Ысык-Көл облусу – 5;

Ош облусу – 5;

Нарын облусу – 4;

Ош шаары – 3;

Талас облусу – 2;

Баткен облусу – 2.

Ушуну менен өлкөдө коронавирустан каза болгон кыргызстандыктардын жалпы саны 1 166га жетти.

sputnik