Бүгүн Кыргызстан боюнча дагы 967 адамдын коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
Лабораториялык тастыкталган учурлар 238 болсо, 729 учур клиникалык-эпидемиологиялык белгилери боюнча аныкталды.
Лабораторияда аныкталган учурлардын ичинен:
Бишкек шаары — 10;
Чүй облусу — 46;
Ош шаары — 23;
Нарын облусу — 2;
Ысык-Көл облусу — 26;
Талас облусу — 4;
Жалал-Абад облусу — 24;
Баткен облусу — 31;
Ош облусу — 56.
Клиникалык-эпидемиологиялык белгилери боюнча аныкталган 729 учурдун ичинен:
Бишкек шаары — 152;
Чүй облусу — 48;
Ош шаары — 77;
Нарын облусу — 39;
Ысык-Көл облусу — 112;
Талас облусу —32;
Жалал-Абад облусу — 134;
Баткен облусу — 32;
Ош облусу — 103.
Пандемия башталганган бери Кыргызстанда 30 126 жаран коронавирус жуктуруп алды.