23 июля 2020
Коронавирус адамга көнүп баратат, буга байланыштуу ооруларды чакыруу жөндөмү ылдыйлаганы байкалууда. Бул тууралуу Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы эпидемиологу Николай Брикого шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Калк арасында кеңири тараган вирус адамга ылайыкташып, анын ылаңдаткычтыгы (вирулентность) төмөндөп баратат. Бирок кайрадан пайда болгон вирустар коркунучтуу болуп саналат. Алардын чыкпай коюшу дагы мүмкүн эмес", — деп айтылат маалыматта.
Ал кошумчалагандай, коронавирустун сезондук жайылышы ноябрь-декабрь айларында болжолдонууда. Бирок ал жолкусунда оору көп деле катталбашы мүмкүн.