Бишкекте соода жайлары менен ири дүкөндөрдүн иш тартиби өзгөрдү

22 июля 2020 Бишкекте соода жайлары менен ири дүкөндөрдүн иш тартиби өзгөрдү

Бүгүндөн тарта Бишкектеги супермаркеттердин иштөө мөөнөтү саат 21:00гө чейин уланарын мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты. Мындай токтомго калаа башчысы Азиз Суракматов кол койгон.

"Аянты 100 чарчы метр болгон супермаркеттер, соода борборлор, үйлөр, дүкөндөр тармагы эми саат 7:00дөн 21:00гө чейин иштейт", — деп айтылган маалыматта.

А бирок соода борборлорунун ичинде жайгашкан тамактануучу жерлер (фудкорты) азырынча жабык бойдон калат.

Кафе менен ресторандар, коомдук тамактануучу жайлар саат 10:00дөн 20:00гө чейин ачык болот, ал эми буюртма менен тамак жеткирүүнүн убактысы чектелбейт.

Коомдук транспорттун иши мурдагы тартипте эле кала берет. Иш күндөрү саат 7:00дөн 10:00гө чейин, ал эми кечинде 17:00дөн 21:00гө чейин жүрөт. Дем алышта каттабайт.

Базарлар 9:00дөн саат 17:00гө чейин ачык болот.

Эменелерге тыюу салынган:

Жайма базарлар менен кызмат көрсөтүүлөргө (батуттар, велосипедди жана башкаларды киреге бергендер);

тойкана менен көңүл ачуучу жайларга (түнкү клубдар, бар, караоке-клубдар жана башкалар);

балдар ойногон аянттар жана эс алуучу жайларга.

Бул чаралар өзгөчө токтом чыкканга, тагыраагы, Бишкек шаарында эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин иштейт. Муниципалитеттен тартип бардыгына бирдей экендиги айтылды.

sputnik