22 июля 2020
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун борбору Кызыл-Суу айылында азык-түлүк саткан дүкөндөн өрт чыкты.
Кырсык болгон жерде тартылган видео "Короче" Telegram каналына жүктөлдү.
Кадрлардан өрт өчүрүүчүлөргө жергиликтүү тургандар жардам берип жатканы көрүнүп турат.
ӨКМдин маалымат кызматынан өрт өчүрүүчүлөр жерине саат 05:42де барганын айтышты. Жарым сааттан кийин өрт чектөөгө алынган. Бирок толугу менен өчүрүлүшү боюнча айтылган жок. Эки өрт өчүрүүчү автоунаа иштеди.