Көлдө COVID жуктургандардын, өлгөндөрдүн саны эмнеге дароо өсүп кетти? Түшүндүрмө

21 июля 2020 Көлдө COVID жуктургандардын, өлгөндөрдүн саны эмнеге дароо өсүп кетти? Түшүндүрмө

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Жаныбек Кожоев эмне себептен аталган аймакта өткөн суткада коронавирус жуктургандар жана андан каза болгондордун саны дароо өсүп кеткенин түшүндүрүп берди.

Белгилей кетсек, 21-июлга карата коронавирус жуктургандардын көбү Бишкекте катталса (323), экинчи орунда эле Ысык-Көл облусу турат. Аталган аймакта бир суткада 154 кишиден вирус аныкталган. Ошондой эле каза болгондор боюнча да Ысык-Көл экинчи орунга чыккан. Облуста коронавирус бир суткада жети кишинин өмүрүн алган.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Жаныбек Кожоевдин айтымында, жетөөнүн баары тең өткөн суткада каза болгон эмес.

"20-июлда коронавирустан үч адам көз жумду. Ал эми экөө 18-июлда, экөө 19-июлда көз жумган. Болгону булар мурдагы статистикага берилбей калгандыктан, адистер өткөн сутканын статистикасына киргизип коюшуптур", — деди Кожоев.

Эскерте кетсек, кечээ Sputnik Кыргызстан агенттиги Республикалык штаб менен Каракол шаардык мэриясынын коронавирустан каза болгондор боюнча маалыматтары дал келбей жаткандыктан окуяны териштирип көргөн.

Анда Республикалык штаб 18-19-июлда Ысык-Көлдө коронавирустан каза болгондор жок деп билдирсе, Каракол мэриясы үчөө көз жумганын жазган. Окуяны териштире келгенде эки күндө аталган аймакта эки эркек, эки аял каза болгон.

Кожоев облуста пневмония жуктуруп алгандар көп болуп жатканын айтып, аларга өз убагында медициналык жардам көрсөтүү үчүн болгон аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады.

"Бизге коронавирус менен пневмония боюнча статистиканы эки башка жактан беришет. Мисалы, бүгүнкү 154 учурдун ичинен төртөө коронавирус болсо, калганы пневмония. Ооругандарды дарылоо үчүн Каракол шаарында дагы кошумча 120 орун даярдалып жатат", — деди ал.

Облус боюнча жалпы 1 416 адам коронавирус жуктуруп алса, анын ичинен 49 адам илдеттен көз жумган.

sputnik