Финпол: моргдо маркумдардын жакындарынан акча талап кылган фактылар аныкталды

21 июля 2020 Финпол: моргдо маркумдардын жакындарынан акча талап кылган фактылар аныкталды

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финпол) каза болгондордун туугандарынан өлүкканада акча талап кылынышы боюнча фактыларды аныктады.

Ведомствонун маалымат кызматынан билдиришкендей, кылмышка Республикалык патологоанатомиялык бюронун кызматкерлери шектелүүдө.

Финполго каза болгон адамды сойдургусу келбеген туугандарынан өлүккананын кызматкерлери акча талап кылып жатканы тууралуу жашыруун билдирүүлөр түшкөнү айтылат. Ошондой эле өлүктү кезексиз алып кетүү үчүн пара сурагандар бар экени кабарланды.

КР Жазык кодексинин 238-беренесине ("Кызматкердин мыйзамсыз түрдө сый акы алуусу”) ылайык сотко чейинки өндүрүш башталды.

Ушул убакка чейин канча факты аныкталганы жана канча акча талап кылынгандыгы тууралуу маалымат берилген жок.

sputnik