Россия: COVID-19га каршы вакцина даяр

21 июля 2020 Россия: COVID-19га каршы вакцина даяр

Россиянын COVID-19га каршы алгачкы вакцинасы даяр болду. Бул тууралуу коргонуу министринин биринчи орун басары Руслан Цаликовго шилтеме берип РИА Новости жазды.

Дүйшөмбү күнү Россиянын Коргонуу министрлигинин катышуусунда иштелип чыккан COVID-19га каршы вакцинаны клиникалык сыноо аяктап, ыктыярчылардын акыркы тобу ооруканадан чыкканы айтылган. Министрликтен вакцина алган бардык ыктярчылардын иммундук системасы вируска тийиштүү түрдө жооп бере аларын билдиришкен.

"Биздин окумуштуулар изилдөөлөрдүн бардык жыйынтыгын алды. Ооруканадан чыгып жатканда алынган анализге караганда, ар бир ыктыярчыда коронавируска каршы иммунитет пайда болду. Демек вируска каршы Россиянын алгачкы вакцинасы даяр", — деди Цаликов.

Эске салсак, Россия коронавируска каршы вакцинаны кишилерге сыноону июнь айында баштаган. Анда вакцинанын суюк жана кургак деп бөлүнгөн эки түрү текшерилди. Суюк вакцина Бурденко атындагы аскердик госпиталда, экинчиси Сеченов университетинде сыналды.

Сеченов университетинин Дары-дармектерди клиникалык сыноодон өткөрүү борборунун жетекчиси Елена Смолярчук вакцина сайылгандан үч апта өткөн соң иммунитет коргонуунун эң жогорку чегине жетерин айтат. Бирок препарат канча убакытка чейин таасирин сактай турганы азырынча белгисиз. Анткени окумуштуулар аны тез иштеп чыгууга мажбур болгондуктан коргоочу убактысын сыноого жетишкен жок.

sputnik