Кечээтен бери коронавирустан 42 киши көз жумду

21 июля 2020 Кечээтен бери коронавирустан 42 киши көз жумду

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан 42 адам каза тапты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

COVID-19 илдетинен каза болгондордун жаңы учурлары (пневмонияны эсепке алганда) төмөнкү жерлерде катталды:

Бишкек — 9;

Ош — 2;

Чүй облусу — 3;

Ош облусу — 7;

Талас облусу — 4;

Нарын облусу — 4;

Ысык-Көл облусу — 7;

Жалал-Абад облусу — 5;

Баткен облусунда — 1.

Ушуну менен өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын саны 1079га саны жетти.

sputnik