Адепсиз тасмалар эркектин бел кубатын начарлатат. Изилдөөнүн жыйынтыгы

21 июля 2020 Адепсиз тасмалар эркектин бел кубатын начарлатат. Изилдөөнүн жыйынтыгы

Порнографиялык мазмундагы фильмдерди көп көрүү эркектердин бел кубатына доо кетирет. Бул тууралуу жыл сайын өтүүчү Европалык урологдор конгрессинде Бельгиянын окумуштуулары айтканын Medical Xpress журналы жазды.

Бельгиядагы Антверпен университетинин профессору, изилдөөчү топтун жетекчиси Гюнтер де Виндин айтымында, эркек мындай тасмаларды көп көргөн сайын "алсырап", оңой менен ырахат ала албай калат.

Иликтөөнүн алкагында Бельгия жана Данияда жашаган 3 267 киши адистердин суроосуна өздөрүнүн интимдик жашоосу тууралуу жооп берген.

"Сурамжылоого катышкандардын ичинен 23 пайызы жумасына жалпысынан бир сааттан ашык убакытты порнографиялык фильмдерди көрүүгө кетирерин жана реалдуу интимдик жашоосунда бир топ көйгөйлөр бар экенин мойнуна алган. Кызыгы, булардын бардыгы жаш, 35 жашка чейинки эркектер", — деди Гюнтер де Вин.

Адистин пикиринде, 18 жаштан жогорку курактагыларга арналган тасмалар адамдын төшөк кумары тууралуу көз карашын өзгөртүп, өнөктөшүнө болгон талапты күчөтүп жибериши мүмкүн. Ошол себептен айрым эркектер реалдуу жашоосунда кээде өнөктөшүнө, кээде өзүнө ыраазы болбой, жеке жашоосу бир топ кыйынчылыкка кептелет.

sputnik