Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда коронавирустан каза болуп жаткандардын жаш курагына токтолду.
Анын айтымында, COVID жуктуруп алып көзү өткөндөрдүн көбү ооруканаларга кеч кайрылган жана убагында медициналык жардам алышкан эмес.
Коронавирус жуктуруп каза болгондордун жаш курагы (пайыз менен):
25-39 жаштагылар — 5 пайыз;
40-49 жаштагылар — 8 пайыз;
50-59 жаштагылар — 26 пайыз;
60-69 жаштагылар — 35 пайыз;
70 жаштан жогору курактагылар — 26 пайыз.
"Бул жерде көрсөтүлгөндөй, тобокелчилик тобуна кирген адамдарды жакшылап караш керек. Баса белгилей кетчү жагдай, каза болгондордун баары эле коронавирустан көз жумган жок. Айрымдары өнөкөт оорусунан көз жумууда. Болгону коронавирус ал оорусун козгоп, курчутуп жибериши ыктымал. "Коронавирустан эл кырылып калат экен" деп кээ бири чочулап жатат. Россиялык окумуштуулар өлгөн адамдардын сөөгүн ачып анализ кылганда 25-30 пайызы өз оорусунан каза болгонун аныкташкан. Кыргыз өкмөтү да өлүмдөрдүн жана жуктургандардын санын азайтуу үчүн болгон аракетин жумшап жатат", — деди Каратаев.
Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны кошкондо) жуктуруп алгандардын саны 27 143кө жетти. Анын ичинен 13 109у айыгып чыкса, 1 003ү көз жумган.
sputnik