20 июля 2020
Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан 34 бейтап каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.
"Бишкек шаарында 20, Ош шаарында бир, Чүй облусунда экөө, Ош облусунда төрт, Нарын облусунда үч жана Жалал-Абад облусунда төрт киши каза болду", — деп айтылат маалыматта.
Пандемия башталгандан бери коронавирус 1 037 кишинин өмүрүн алып кетти.