Коронавирустан кийин ден соолукту калыбына келтирүү. Пульмонологдун кеңеши

19 июля 2020 Коронавирустан кийин ден соолукту калыбына келтирүү. Пульмонологдун кеңеши

Дарыгер-пульмонолог Бермет Естебесова коронавирустук инфекциядан айыккандан кийин ден соолукту калыбына келтирүү жолдору тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине айтып берди.

Ал билдиргендей, бейтаптын ооруканадан чыгаралышы дайыма эле дени-карды соо экендигинен кабар бербейт.

"Кишинин алы-күчү кетип калгандыктан башка ооруларды көтөрө албай калат. Коронавирус өпкөнү гана эмес, жүрөк, боор, уйку безин жана башка органдарды жабыркатат. COVID аягына чейин изилдене электигине байланыштуу анын организмге таасири тууралуу так жана кенен маалымат жок", —деди Естебесова.

Анын айтымында, ден соолукту калыбына келтирүү процесси бейтаптын абалына жараша бир айдан алты айга чейин созулушу мүмкүн.

"Жабыркаган өпкөдө пайда болгон фиброз дароо кетпейт. Тагыраагы, өпкөнүн тканы бардыгында эле толугу менен жана тез калыбына келбейт. Ошол себептен бейтап өзүнө абдан аяр мамиле жасап, дени сак жашоо образы менен өмүр сүрүшү керек. Бул жерде психосоматикалык абал сыяктуу эле туура тамактануу да чоң мааниге ээ", — деген пульмонолог.

Ал белгилегендей, иммунитетти калыбына келтирүүдө элдик каражаттарды колдонуп тобокелге барбоо керек. Андай суроолор боюнча дарыгерден кеңеш алуу зарыл.

sputnik