Быйыл ЖРТдан Алай районунун окуучусу эң жогорку балл алды

16 июля 2020 Быйыл ЖРТдан Алай районунун окуучусу эң жогорку балл алды

Быйыл 53 бүтүрүүчү Жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку упай алып, "Алтын сертификатка" ээ болушту. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бул жылы ЖРТга 43 245 бүтүрүүчү катышкан. Алардын ичинен эң жогорку 229 упайды Ош облусунун Алай районуна караштуу Кабылан-Көл айылындагы Эшкул Мурзаев атындагы орто мектебинин окуучусу Акмарал Нурбек кызы алды.

"Алтын сертификат" алган бүтүрүүчүлөрдүн окуган аймагы:

Бишкек шаары – 28;

Ош шаары – 3;

Чүй облусу – 6;

Ош облусу – 2;

Талас облусу – 2;

Баткен облусу – 6;

Ысык-Кѳл облусу – 4;

Нарын облусу – 1;

Жалал-Абад облусу – 1.

Ошондой эле ар кандай себептер менен мурдагы эки этапка катыша албаган 700 бүтүрүүчү 13-14-июлда тест тапшырганы айтылат. Акыркы этаптын жыйынтыгы боюнча эң жогорку упайга ээ болгон бүтүрүүчүлѳр болсо, "Алтын сертификатка" ээ болгон тизмеге 17-июлда кошумча киргизилет.

Билим берүү жана илим министрлиги жогорку упай алган бүтүрүүчүлөрдү окуткан агай-эжекелерин, ата-энелерин куттуктап, окууларына ийгилик каалады.

Эң жогорку балл алган бүтүрүүчүлөрдүн тизмесин министрликтин сайтынан көрүүгө болот.

sputnik