16 июля 2020
Өткөн суткада өлкөдө 41 адам пневмония оорусунан айыга албай кайтыш болду. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, Бишкекте 21 адам, калган 20сы өлкөнүн башка аймактарында катталган. Ал эми март айынан бери пневмония жалпы 612 кыргызстандыктын өмүрүн алды.
Ошол эле учурлда соңку бир сутканын ичинде 370 бейтап айыгып чыккан. Ушуну менен пневмониядан сакайгандардын жалпы саны 3 797 адамды түздү.
Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.