"Гансидеги" концентраторлор Боронов кеткен соң кайра жүктөлүп кеткенби? Видео

16 июля 2020 "Гансидеги" концентраторлор Боронов кеткен соң кайра жүктөлүп кеткенби? Видео

Премьер-министр Кубатбек Боронов "Ганси" аскердик базасынын аймагында уюштурулган "Семетей" ооруканасына баргандан кийин медициналык жабдуулар кайрадан жыйналып кеткен эмес. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

koroche. Видео

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда "Гансинин" айланасында жүк ташуучу унаалардын видеосу тарап, астына "премьер-министр "Гансиден" кеткенден кийин концентраторлор кайрадан жүктөлүп, алынып кетти. Бейтаптар нес болуп калды" деп жазылган. Ошондой эле кадрдын автору мунун баары видеого тартуу үчүн гана жасалганын айткан.

Министрлик бул маалыматты аскердик базадагы "Семетей" ооруканасынын координатору Айбек Койчумановго таянуу менен четке какты.

"Дарыгердин айтымында, өкмөт башчынын сапарынан соң оорукананын жандандыруу бөлүмүнө заманбап кычкылтек концентраторлору орнотулду. Мындан сырткары, эмгек жамаатка керектүү жеке коргонуучу каражаттар таратылып берилди", — деп айтылат маалыматта.

Жакында эле премьер-министр Кубатбек Боронов пневмониядан дарыланган бейтаптар жаткан "Семетей" ооруканасына барып, бейтаптардан кабар алган.

sputnik