Бир суткада 954 адам пневмонияга кабылган. Ооругандардын саны 9 204кө жетти

15 июля 2020 Бир суткада 954 адам пневмонияга кабылган. Ооругандардын саны 9 204кө жетти

Бир суткада Кыргызстанда 954 кишиден пневмония табылды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде маалымдады.

Ал белгилегендей, өлкөдө пневмония оорусу менен жалпы 9 204 учур катталган. Кыргызстанда бир суткада 493 киши бул илдеттен айыкканы айтылды. Ошону менен Кыргызстанда 3 660 киши пневмонияны жеңген.

Тилекке каршы, март айынан бери аталган дарт 571 адамдын өмүрүн алды. Буга чейин премьер-министр Кубатбек Боронов адистердин айтымына таянып, пневмония коронавирустун өтүшүп кеткен формасы экенин айткан.

Кыргызстан пневмония оору статистика бейтап учур

sputnik