15 июля 2020
Кечээ премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөдө кычкылтек концентратору жетиштүү экенин айтып, дары-тартыштыгы да бүгүн-эртең жоюларын айткан.
Бүгүн 439 киши коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
Бишкек шаары – 172;
Чүй облусу - 70;
Ош шаары - 53;
Ош облусу - 30;
Жалал-Абад облусу - 32;
Баткен облусу - 66;
Ысык-Көл облусу - 14;
Нарын облусу - 1;
Талас облусу - 1.
Ушуну менен республика боюнча коронавирус жуктуруп алгандарды саны 11 977ге жетти.