Кайсы тамак-аш мээнин клеткаларынын иштөөсүн бузат. Адистин пикири

13 июля 2020 Кайсы тамак-аш мээнин клеткаларынын иштөөсүн бузат. Адистин пикири

Дайыма маргарин, майонез жана арзан кондитердик азыктарды пайдалануу адамдын мээсин бузат. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Врач-диетолог Елена Соломатинанын айтымында, курамында трансмайлар бар азык-түлүктөр мээнин клеткаларына терс таасир берет.

"Маргарин, майонез жана арзан кондитердик азыктардан баш тартууну сунуштайм. Себеби алардын курамында трансмайлар бар. Ал зат клетканын мембранасын катуу кылып салат. Ошонун кесепетинен клеткалар толук кандуу иштей албай, бул процесстер өзгөчө мээнин клеткаларында болгондо өтө кооптуу", — деди ал.

Соломатина ошондой эле туздалган тамак-ашты аз колдонуу керек экендигин айтат. Анткени ал организмдеги кан жүгүрүүнү кыйындатып, шишиктерди пайда кылат.

Дарыгер консерванттар, ароматизатор, боектордон да баш тартуу керектигин эскертет. Токсиндери арбын болгон ал азык-түлүктөр баш мээнин клеткаларына зыян экендигин кошумчалады.

sputnik