Кудум эле Барби! 135 миң долларга сырткы келбетин өзгөрткөн кыздын сүрөтү

9 июля 2020 Кудум эле Барби! 135 миң долларга сырткы келбетин өзгөрткөн кыздын сүрөтү

Венгриялык модель Барбара Луна Сипос Барби куурчагына окшошом деп пластикалык операцияга 135 миң доллар сарптаган. Эми ал кызды жумушка алуудан бардык модель агенттиктери баш тартып жатканын Yahoo News жазды.

Барбаранын айтымында, белгилүү куурчактын образы ага бала кезинен жакчу. Ошол себептен ал кымбат пластикалык операцияларды жасатууга барган.

"Менин Барби куурчагы менен ойногонум дайыма эсимде. Кийин мен ушул куурчактай болгум келди", — деген ал.

instagram.Сүрөт

Биринчи операциясын 17 жашында жасаткан. Анда модель төшүн чоңойткон.

instagram.Сүрөт 2

2016-жылы пластикалык операцияны жакшы көргөн болочок жолдошун кезиктирген. Күйөөсү аялынын кийинки бардык пластикалык операцияларынын акысын төлөп турган.

instagram.Сүрөт 3

Ошентип, 22 жашка чыккычакты Барбара 10 жолу пластикалык операция жасатып жетишкен. Бир нече жолу төшүнө операция жасатып, аны чоңойттурган. Мындан сырткары, жамбашына, оозуна, жаагына, эриндерине да операция жасаттырган. Мунун баарына күйөөсүнүн 134, 8 миң доллары корогону айтылат.

instagram.Сүрөт 4

Ушундан кийин катчы болуп иштеген кыз жумуштан кетүүгө аргасыз болгон. Андан кийин, 2019-жылы, ал жолдошу менен ажырашканы маалым болду.

instagram.Сүрөт 5

Эми Барбара жумушка орношо албай жатканын айткан. Модель агенттиктери анын кызматынан баш тартууда. Буга карабай бир нече операция кылдырганына өкүнбөй турганын, кийинчерээк балким дагы жасатарын айткан.

sputnik