Кыргызстанда аймактарга каттаган коомдук транспорттун баары токтотулду

9 июля 2020 Кыргызстанда аймактарга каттаган коомдук транспорттун баары токтотулду

Бүгүндөн баштап Кыргызстандын бардык аймактарына каттаган, жүргүнчү ташыган коомдук транспорт жана автобустар токтотулду. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, чектөөнүн мөөнөтү Кыргызстандын аймактарында эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин күчүндө болот.

Маалым болгондой, мындай чечим коронавирустун жайылышын болтурбоо жана алдын алуу максатында ар бир облустун оперативдик штабдарында кабыл алынган.

sputnik